Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Баткенде аңчылыкка барган адам ок тийип көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде аңчылыка чыккан адам кокусунан атылган октон каза тапты.

Маалыматка караганда, 3-январда Баткен районунун Газ айылынын жети тургуну эс алуу үчүн тоого аңчылыка барышкан. Кайра айылга келип, машинеден куралды түшүрүп жатып кокусунан атылып кеткен. Натыйжада айылдын 37 жаштагы тургуну ошол жерде каза болгон.

Милиция муну тастыктады. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын реестирине катталып, тергөө башталган. Бир адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG