Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

COVID-19: Алматыда эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат


Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин.
Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин.

Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери 7-январда билдиргендей, калаадагы кырдаал чыңалып турат. Жандарбек Бекшин соңку алты күндө шаарда коронавирус 700дөн көп адамдан аныкталганын билдирди. Ал январь айында кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн экенин, коронавирус 4,5 миң адамдан аныкталышы ыктымал экенин эскертти.

Бекшин алматылыктарды адамдар көп топтолгон жерлерден оолак болууга жана беткап кийип жүрүүгө чакырды.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда пандемия башталганы 160 миңдей адам коронавируска чалдыккан. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен ооругандардын жана андан көз жумгандардын санагын өзүнчө жүргүзүп келет. Беш айда коронавирустун белгилери бар пневмония менен 46 миңдей адам ооруган жана 519 киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG