Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Баткенде "кызыл зонадагы" бейтаптар менен дарыгерлер добуш бере алышпайт


Баткен аймактык оорукана. 3-апрель, 2020.
Баткен аймактык оорукана. 3-апрель, 2020.

Баткенде коронавирус илдетине байланыштуу ооруканада дарыланып жаткан 36 бейтап жана "кызыл зонада" иштеп жаткан 38 дарыгер добуш берүүгө катыша албайт. Бул тууралуу облустун губернатору Жаныбек Жалалов билдирди. Анын айтымында, "кызыл зонага" кирүү жана шайлоо шаймандарын алып баруу кыйынчылыктарды жаратат.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын бир күн мурдагы маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыккан. (JsA)

XS
SM
MD
LG