Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Коронавирус соңку бир суткада дагы 135 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумду


10-январга карата Кыргызстанда дагы 135 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 273 адамга жетти. Алардын 77 902и сакайды. Соңку бир күндө 151 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1369 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 68;
  • Чүй облусунда - 22;
  • Ысык-Көл облусунда – 21;
  • Ош облусунда - 8;
  • Жалал-Абад облусунда - 6;
  • Баткен облусунда - 5;
  • Талас облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 1 киши.

Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 8-январда 89 миллион 600 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 926 миңден көп. (SE)

XS
SM
MD
LG