Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Ошто жети шайлоо участогунда үкөк иштебей калды


Талас шаарындагы шайлоо участогундагы иштебей калган урна.
Талас шаарындагы шайлоо участогундагы иштебей калган урна.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына саат 10:30га чейин 20дан ашуун мүчүлүштүктөр тууралуу маалымат келип түштү. Үкөктөрдү калыбына келтирүү үчүн атайын топ иштеп жатат.

«Күндүн сууктугуна, техникалык себептерге байланыштуу автоматтык саноочу урналардын бузулуулары катталып жатат. Техникалык колдоо тобу көйгөйлөрдү чечип жатат. Айрым жерлерде аппараттарды алмаштырууга туура келип жатат»,- деди аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев.

№5287 шайлоо участкасынын төрайымы Жумакан Исмаилова сууктан улам, үкөк жана сканер аппараты иштебей калганын билдирди. Мындан улам кезек күткөндөр көбөйүүдө.

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашып, алар 87 шайлоо участкасында добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (DU/ErN)

XS
SM
MD
LG