Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 2,80%, же болбосо 99 772си катышты. Ал эми эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 2,78% (98 894 адам) түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Добуш берүүнүн көрсөткүчү Ош шаарында 5,76%, Ысык-Көлдө 3,1%, Бишкекте 3,11% болууда. Башка аймактарда 3 пайызга жете элек.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.
Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.
БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (SE)