Саат 12:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 9,28% (330 609 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 9,23% (329 049 адам) түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ош шаарында 14% көп, Ысык-Көлдө 10% ашты, Бишкекте, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Баткен облустарында 9% көп. Талас жана Чүй облустарында 8% тегерегинде.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.
Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.
БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (SE)