Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

БШК: Административдик ресурс колдонуу боюнча 17 арыз түштү


Жалал-Абаддагы добуш берүү тилкелеринин бири.
Жалал-Абаддагы добуш берүү тилкелеринин бири.

Президенттик шайлоонун жана мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 61 кайрылуу түштү. Аны активисттер жана байкоочулар жиберген.

БШКнын мүчөсү Тынчтыбек Шайназаровдун айтымында, арыздардын 13ү добуш сатып алууга, 17си административдик ресурсту колдонууга, жетөө үгүт жүргүзүүгө, экөө жапырт добуш берүүгө, экөө шайлоочулардын укугун бузууга, экөө бейбаштыкка байланыштуу. Башка мүнөздөгү 12 кайрылуу бар.

Шайназаров жарандарга басым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок экенин белгиледи.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 2,80%, же болбосо 99 772си катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 2,78% (98 894 адам) түздү.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Акыйкатчы институту түш ченде маалымат таратып, 40ка жакын шайлоо тилкесинде мониторинг жүргүзүлгөнүн, мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG