Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

«Кызыл зонадагы» дарыгерлер менен бейтаптар добуш беришпейт


Коронавирус илдетин дарылоонун алгоритми боюнча алар добушканага барып, шайлоого катышпайт. Мындай маалыматты «Азаттыктын» жер-жерлердеги кабарчылары такташты. Маселен, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин айтымында облуста коронавируска чалдыккан 94 киши жана 36 медицина кызматкери шайлоого катыша албайт.

Буга чейин ушундай эле себеп менен Баткенде 36 бейтап жана «кызыл зонада» иштеген 38 медкызматкер добуш бере албай тургандыгы айтылган. Нарында төрт бейтап, Таласта он бейтап, аларды караган сегиз медкызматкер бар.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков облуста андай чектөө коюлбаганын билдирди.

Башка аймактардагы жагдайды «Азаттыктын» кабарчылары тактап жатышат.

Саламаттык сактоо министри сасык тумоо же коронавирус симптому бар жарандарга кечки саат алтыдан кийин келип добуш берүүнү сунуш кылды.

Кыргызстанда бүгүн, 10-январда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 10-январга карата 82 273 адамга жетти.

XS
SM
MD
LG