Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ош шаарында добуш бергендердин саны 21 миңден ашты


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында саат 12:00гө чейинки эсеп боюнча добуш бергендердин жалпы саны 21 миңден ашты. Бул шаардагы жалпы шайлоочулардын 14 пайызын түзөт. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Мындан сырткары Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаевдин маалыматына ылайык, күндүн сууктугуна байланыштуу 16 шайлоо участогунда үкөк иштебей калган. Алардын айрымдары алмаштырылса, айрымдары кайрадан калыбына келтирилген.

БШКнын расмий сайты өлкө боюнча 330 миң киши добуш бергенин жазды. Шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллиондон ашуун.

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашып, алар 78 шайлоо участогунда добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (DU)

XS
SM
MD
LG