Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Бишкекте кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» жүрүшү өттү


Бишкекте 10-январда кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» жүрүшү өттү. Парламенттик башкарууну жактаган, мыйзамдуулукту талап кылган активисттердин акциясы ушуну менен онунчу жолу уюштурулду.

Милициянын эсебинде жүрүшкө 30дай адам чыкты, уюштуруучулар 50дй киши болгонун билдиришти.

Активисттер он аптадан бери жекшемби сайын «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшүнө чыгып жатышат. Алар Темир жол бекетинен борбордук аянтка чейин жөө жүрүп, талаптарын айтып тарап кетишет.

2020-жылдын 4-октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан жана элдик толкундоодон улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо максатындагы референдум 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрда шашылыш түрдө экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган. Долбоор парламенттин кароосуна оболу 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан чукул өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар жана укук адистери аталган мыйзам долбоору «Референдум тууралуу» конституциялык мыйзамды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындап келишет.

Президентикке талапкерлердин дагы бир бөлүгү «өлкөдө парламенттик башкаруу өзүн актай албай калды, эми президенттик күчтүү бийлик керек» дешсе, башкалары «Кыргызстанда чыныгы парламенттик башкаруу эмгиче орной элек» экенин, авторитардык президенттик башкаруу уланып келатканын айтып жатышат.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG