Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

ИИМ: Админресурс боюнча арыздардагы фактылардын көбү такталган жок


Оштогу шайлоо участокторунун бири.
Оштогу шайлоо участокторунун бири.

10-январдагы шайлоону уюштурууда административдик ресурс колдонуу боюнча 32 арыз катталды. Анын үчөө териштирилип жатат, калганында факт аныкталган жок. Бул тууралуу саат 16:00дө уюштурулган басма сөз жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Ошондой эле добуш сатуу боюнча 13, шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча бир арыз түшкөн.

5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна жөнөтүлүп, күч түзүмдөрү териштире баштаган.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда.

Расмий кабарга ылайык, шайлоодо өлкөдөгү 2426 добуш берүү тилкесин 5400дөн ашуун милиционер кайтарууда. Коомдук тартипти 11 миңден көбүрөөк кызматкер көзөмөлдөйт. Андан тышкары бажы, салык кызматтарынын, Финполициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана элдик кошуундар милицияга жардам бермекчи. (SE)

XS
SM
MD
LG