Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Дзюдочу Юрий Краковецкий олимпиадалык лицензия ойнотулуучу мелдешке катышат


Юрий Краковецкий.
Юрий Краковецкий.

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий Катардын Доха шаарында 11-январдан 13-январга чейин өтө турган чеберлер арасындагы «Doha Masters 2021» мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын баш катчысы Эркин Кадыракунов билдирди.

Кадыракуновдун айтымында Краковецкий 13-январда 100 килограммдан жогорку салмакта татамиге чыгат. Аны улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Сергей Мистрюков жетектеп барат. Балбандын мелдешке катышуусун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция каржылап жатат.

Дзюдо боюнча чеберлер арасындагы «Doha Masters 2021» мелдеши - быйыл Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарынын квалификациялык мелдештеринин бири. Ага 68 өлкөдөн 370 спортчу катышат. Байгелер эркектер жана кыз-келиндер арасында жетиден салмакта ойнотулат.

29 жаштагы Юрий Краковецкий - эл аралык класстагы спорттун чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2012-жылы Лондондо, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимп оюндарынын катышуучусу. Азия чемпионатынын күмүш (2015-жыл, Кувейт) жана коло (2016-жыл, Ташкент) байгесинин ээси.

Учурда кыргызстандык спортчуларда Токио Олимпиадасына алты жолдомо бар. Жапонияда өтө турган Олимп оюндарына жеңил атлеттер Мария Коробицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков жана суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG