Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Күндүн суугунан Оштогу № 5551 шайлоо участогу башка имаратка көчтү


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарындагы № 5551 шайлоо участогу жеке менчик стоматологиялык клиниканын имаратына көчүрүлгөн. Бул тууралуу шайлоо участогунун төрагасы Асылбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин да урна иштебей калган. Жарым саат ичинде урна алмаштырылып, шайлоо кайрадан уланган.

Буга чейин Ош шаарынын аймагында күндүн сууктугуна байланыштуу 16 шайлоо участогунда үкөк иштебей калган. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев билдирген.

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашып, алар 78 шайлоо участогунда добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (MrA)

XS
SM
MD
LG