Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Байден чалгын кызматынын башчылыгына АКШнын Орусиядагы мурдагы элчисин дайындайт


Уильям Бернс.
Уильям Бернс.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден Борбордук чалгын башкармалыгына (БЧБ) жетекчи кылып Уильям Бернсти дайындайт. 11-январда бул жөнүндө жарыялап жатып: «Бернс - эл аралык аренада көп жылдык тажрыйбасы бар, үлгүлүү дипломат. Ал биздин өлкөнүн жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн иштеп келди», - деди.

30 жылдан ашык дипломатиялык кызматта иштеген Бернс Барак Обама президент болуп турган кезинде мамлекеттик катчынын орун басары болуп иштеген. Ал эми ага чейин 2005-2008-жылдары АКШнын Орусиядагы элчиси болгон. Уильям Бернс 1990-жылдардын башында да Москвадагы элчиликте иштеген.

2015-жылы эс алууга чыккан Бернс кадыр-барктуу өкмөттүк эмес уюмдардын бири болгон Карнеги фондунун президенти болуп иштеп жаткан.

БЧБнын болочок башчысы Орусия жана Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары белгилүү. Ал орус тилин билет. Анын Орусияда бир нече мемуары жарыяланган.

XS
SM
MD
LG