Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

«AstraZeneca» өз вакцинасына уруксат берүүнү өтүнүп Евробиримдикке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен бирге ойлоп тапкан вакцинасына уруксат берүүнү суранып Евробиримдикке кайрылды.

Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттиги «AstraZenec» компаниясынын арызын чукул арада карап, ай соңунда вакцинаны колдонууга уруксат бериши мүмкүн экенин 12-январда билдирди.

Еврокомиссия расмий бекиткенден кийин бул шаркеттин аймагында уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калат. Буга чейин «Pfizer-BioNTech» жана «Moderna» компанияларынын препараттары менен эмдөөгө уруксат берилген.

Еврокомиссиянын төрайымы «AstraZeneca» компаниясынын арызын «жакшы жаңылык» деп атады.

Ал ошондой эле шаркет «Pfizer-BioNTech» жана «Moderna» компанияларынан кошумча 300 миң доза вакцина сатып аларын билдирди.

«Oxford-AstraZeneca» вакцинасы бир нече мамлекетте, анын ичинде Аргентинада, Британияда жана Индияда жактырылган. Бул вакцина башкаларга караганда салыштырмалуу арзанырак. Аны сактоо жана транспорттоо кыйла жеңил.

XS
SM
MD
LG