Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусия соту «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча үч Крым татарын кести


«Хизб ут-Тахрир» ишине байланыштуу камалган Крым татарлары.
«Хизб ут-Тахрир» ишине байланыштуу камалган Крым татарлары.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы аймактык аскердик сот үч Крым татарын террорчулукка байланыштуу айыптап, 13 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Крым.Реалии» сайты жазды. Соттолгондор 2019-жылдын июнь айында кармалган. Энвер Омеров, Айдер Жеппаров жана Риза Омеров күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок. Бул «Хизб ут-Тахрир» уюмуна байланыштуу камалган алгачкы Крым татарлары эмес.

Былтыр сентябрда жети крым татары «Хизб ут-Тахрир» уюмунун Бахчисарай бөлүмүн түзүүгө катышкан деген айып менен 13 жылдан 19 жылга чейин эркинен ажыратылган. Көп өтпөй ушундай эле айып менен дагы үч Крым татары түрмөгө кесилген.

Серепчилердин айтымында, Орусия Крым жарым аралын 2014-жылды басып алгандан тартып каршы пикирдегилерди ар кандай шылтоолор менен камакка алуу күчөдү.

«Хизб ут-Тахрир» уюмуна Орусияда тыюу салынганы менен, Украинада тыюу салынган эмес.

XS
SM
MD
LG