Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Өзбекстанда жолду тороп алган аялдарга арзан көмүр сунушталды


Жолду тосуп алган аялдар.
Жолду тосуп алган аялдар.

Өзбекстандын Жизак районунда нааразылык билдирип кан жолду тороп алышкан аялдарга арзан көмүр сунушталды. Алар газдын жана электр энергиясынын каатчылыгына байланыштуу нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Аймакка президент Шавкат Мирзиёевдин келиши күтүлүп жаткан. Жергиликтүү бийлик 11-январда аялдар менен жолугуп, арзан көмүр түшүрүп берүүгө убада берди.

Мирзиеев 2016-жылы президент болуп шайланганда электр энергиясынын жана газдын тартыштыгына байланышкан маселени чечүүгө убада берген. Өткөн айда ал өкмөткө газдын экспортун азайтууга жана өлкөнүн ички муктаждыгын жетиштүү камсыз кылууга буйрук берген.

Президент министрлер кабинетин «быйылкы кышка жетиштүү даярдык көрбөгөнү үчүн» сынга алган. Мирзиёев ошондой эле 217 тонна суюлтулган газды кошумча сатыл алууну да тапшырды.

Быйыл Өзбекстанда адаттан тыш суук түшүп, өлкө аймагында электр энергиясы жана жылуулук үзгүлтүккө учураганы тууралуу кабарлар чыгууда.

XS
SM
MD
LG