Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:00

Коронавирус дагы 92 кишиден табылды, бир бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

13-январга карата Кыргызстанда дагы 92 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 51;
  • Чүй облусунда - 10;
  • Жалал-Абад облусунда – 10;
  • Ош шаарында - 9;
  • Ош облусунда - 5;
  • Ысык-Көл облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 3;
  • Баткен облусунда - 1 киши.
  • Талас облусунда бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 810 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 241си оор, 514тү орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 13-январда 91 миллион 559 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 961 миңден көп. (SE)

XS
SM
MD
LG