Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Гүлбара Калиевага байланыштуу маселени Тартип комиссиясы качан карары белгисиз


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупция боюнча шек саналып жатканына байланышкан маселени Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы качан карай турганы белгисиз. Бул тууралуу Тартип комиссиясынын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.

Башкы прокуратуранын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага тиешелүү сунушун кароо максатындагы Тартип комиссиясынын 5-январга белгиленген жыйыны өтпөй калган. Буга Калиеванын саламаттыгына байланыштуу кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүчү негиз болгон.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Гүлбара Калиева дарылануусун улантып жатканын, анын милдетин орун басары Нургүл Бакирова аткарып жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева 29-декабрда «Азаттыкка» интервью бергенде Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG