Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

АКШ эмдөө иштерин күчөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда шейшембиде бир күндө COVID-19 илдетинен 4500 киши өлдү. Бийлик эмдөө иштерин күчөтүп жаңы эрежелерди киргизүүдө. 26-январдан тартып өлкөгө аба жолдору менен келген кишилер, анын ичинде АКШ жарандары коронавирус жок деген тестти же оорудан айыккан деген кагазды көргөзүүгө тийиш.

Дүйнөдө коронавирус 2 миллиондой кишинин өмүрүн алган болсо, алардын 380 миңи АКШга туура келет.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, шейшембиде коронавирус дагы 235 миң кишиден аныкталды. Вирус козгогон ар түрдүү илдеттер менен 130 миңден көп киши ооруканаларда жатат.

Эмдөө иштери жай жүрүүдө деген сын айтылгандан кийин президент Дональд Трамптын администрациясы 65 жаштан ашкан жарандардын бардыгына вакцина сайыларын жарыялады. Буга чейин штаттардын көбүндө адегенде медкызматкерлер жана карылар үйлөрүндө жашагандар эмделери айтылып, мындай чечим башаламандыкка жана нааразылыкка алып келген.

Азыркыга чейин вакцинанын 27,5 миллион дозасы таратылганы менен 9,3 миллион америкалык гана эмделди. Федералдык өкмөт ошондой эле резервге деп сактап койгон препараттарды колдонууга уруксат бермекчи.

XS
SM
MD
LG