Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

2020-жылдын соңку эки айында журналисттерге карата 21 укук бузуу болду


«Журналисттер» коомдук бирикмесине 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында Кыргызстанда журналисттердин укуктары бузулган жагдайлар тууралуу 21 маалымат түштү. Мониторинг жыйынтыгы 11-январда жарыяланды.

Бирикменин жетекчиси Марс Төлөгөнөвдүн айтымында, 15 билдирүү саясий кырдаалга байланыштуу маалымат каражаттарынын абалына тиешелүү. Төрт билдирүү медиа уюмдардын, журналисттердин укуктарынын бузулушуна таандык, дагы эки билдирүү журналисттерди коркутуу, кылмыш ишине айыптоо сыяктуу окуяларга байланыштуу.

Медиа уюмдардын, журналисттер бирикмелеринин ноябрдын башындагы маалыматтарына караганда, 2020-жылы бир нече медиа мекемелердин кеңсесине чабуул коюлуп, иликтөөчү журналисттер сабалган. Мындай окуялар 4-октябрдагы шайлоо жана андан кийин өткөн тополоң убагында күчөгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпания катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG