Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

АКШда Өкүлдөр Палатасы президентке импичмент жарыялоону караганы жатат


АКШнын вице-президенти Майк Пенс Конституциянын 25-түзөтүүсүнө таянып, президент Дональд Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирди.

«Андай аракет өлкөбүздүн кызыкчылыгына, Конституцияга төп келет деп эсептебейм», деп айтылат Пенстин Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелосиге жазган катында. Вице-президент Трампты ыйгарым укуктарынын аягына сегиз күн калганда кызматтан кетирүү тууралуу чакырыктарды «саясий оюн» деп атады. Ал мыйзам чыгаруучуларды «коомго ого бетер жик салышы мүмкүн болгон аракеттерден карманууга» үндөдү.

Конституцияга киргизилген 25-түзөтүүгө ылайык, мамлекет башчы кызматын аткара албай калса вице-президент өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялай алат.

Пенстин каты ошол беренени ишке киргизүүгө чакырган резолюция демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр Палатасында колго салынарда жарыяланды. Демилгенин авторлору Трамп 6-январда тарапташтарына кайрылуусунда аларды шыкактаган деп эсептешет. Ал күнү жаалданган топ Вашингтондо Конгресс отурган Капитолийге кирип барган. Окуяда беш киши өлгөн.

Шаршембиде Конгресстин мүчөлөрү президентке импичмент жарыялоо жөнүндө сунуш боюнча добуш беришмекчи. Анда Трамп козголоңго чакырганы үчүн айыпталууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, Өкүлдөр Палатасындагы бардык демократтар сунушту колдошот, аларга ондон ашуун республикачыл кошулары болжолдонууда. Акыркы чечимди бул маселеде Сенат кабыл алат. Байкоочулар Жо Байдендин инаугурациясына же 20-январга чейин алар импичмент ишин кароого киришеринен күмөн санашат.

Мурунку күнү Трамп демократтардын планына биринчи жолу комментарий берип, аны куугунтукка теңеди. Ал элдин көбүнүн буга «кыжыры» келгенин айтты.

XS
SM
MD
LG