Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

14-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт


14-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарына кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +5...+10,

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10,

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз +5...+10,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Нарын дубанында түнкүсүн -14...-19, күндүз -6...-11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -6...-11° болот.

Бишкек шаарында түндө мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +1...+3° болот.

XS
SM
MD
LG