Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Навальный Орусияга 17-январда кайтарын билдирди


Алексей Навальный. Германия, 13-январь, 2020-жыл.
Алексей Навальный. Германия, 13-январь, 2020-жыл.

Орусиялык оппозиционер, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный Орусияга кайтып баратканын соцтармактар аркылуу билдирди. Германияга ага кол салуу болгондугу үчүн эс-учун жоготкон абалда жеткирилгенин, мекенине кайтуу же кайтпоо маселеси эч качан турбаганын айткан саясатчы 17-январга Москвага билет алганын кошумчалады.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарында ооруканага жеткирилип, ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын көз жаздымда калтырып, тергөө жүргүзүлгөн жок. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль окуяга байланышын танууда.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG