Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Депутаттын бажыдагы бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар төлөдү


Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттики.
Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттики.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, жемкорлукка байланыштуу шек саналып декабрда кармалган бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 29-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлаган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы айтылган.

Расмий маалыматта кармалган жарандын аты-жөнү ачык берилген эмес. Кийин ал Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экени белгилүү болгон. (BTo\SE)

XS
SM
MD
LG