Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Киев менен Кишинёв стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашты


Молдова менен Украинанын президенттери. Киев, 12-январь, 2021-жыл.
Молдова менен Украинанын президенттери. Киев, 12-январь, 2021-жыл.

Киев менен Кишинёв өз ара алакаларды жандантууну макулдашты. Эки өлкөнүн мамилеси Молдовада орусиячыл саясатчы Игорь Додон президент болуп турганда салкындап кеткен эле.

12-январда Киевге расмий сапар менен барган Молдованын жаңы президенти Майя Санду Украина менен кошуналык, достук мамилени чыңдоого ынтызар экенин айтты. Санду өткөн айда ант берип кызматка расмий киришкен. Бул анын мамлекет башчы катары чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапары болуп калды.

Санду украин президенти Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин байланышты жандандырыш үчүн президенттер деңгээлинде кеңеш түзүүнү макулдашканын билдирди.

Зеленский өз кезегинде Санду менен Европа Биримдигине кирүү тууралуу талкуу болгонун билдирди. Ал Киев Молдованын Днестр боюна байланыштуу көз карашын өзгөртпөй турганын билдирди.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою 1990-жылы Кишинёвдон бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт. Орусия ал аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүп, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну «тынчтык орнотуу» аракети катары түшүндүргөн.

Экономикасы чабал Молдовада жарандардын бир бөлүгү Европага ыктайт, ошондой эле Орусия менен тыгыз алака-катыш түзүүнү жактагандар да бар.

XS
SM
MD
LG