Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Тажикстанда 80 жаштагы карыя экстремизм үчүн жети жылга кесилди


Тажикстанда 80 жаштагы карыя жети жылга түрмөгө кесилди. Тергөөчүлөр Дониер Набиев экстремисттер менен байланышта болгонун айтышат. Иш жабык каралып, бир топко чейин өкүм тууралуу маалымат ачыкка чыкпай жатты. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Набиев «үчүнчү өлкөлөр аркылуу кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары бөлгөн акча каражаттарды алып, экстремисттик идеяларды таратуу, ошондой адабият сатып алуу, жаштарды жихадчы топторго тартуу үчүн короткон». Набиевдин адвокаты жогорку сотко апелляция бергенин, улгайган жашына жана кургак учукка кабылганын эске алууну өтүнгөнүн билдирди.

Набиевдин жакындары ага коюлган айыптар деңдароо кылганын айтышат. Иниси Асомиддин Набиев агасы «адамдарга жардам берип жүргөнүн гана» билдирди. Буга чейин карыя Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» абакта отурган мүчөлөрүнүн жакындарына тамак-ашка анда-санда акча берип келгени маалымдалган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюмунун юристи Жамшед Йоров ал уюмга кыйыр же түз тиешеси бар иштерде дайыма абдан катаң жана негизсиз өкүмдөр чыгарыларын белгилейт.

Былтыр БУУнун жумуш тобу партиянын кээ бир мүчөлөрүнүн иштеринде кылмыш болбогонун айтып, аларды бошотууга үндөгөн. Дүйшөмбү чакырыкты көз жаздымда калтырды.

XS
SM
MD
LG