Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Иран Оман кысыгында машыгуу жүргүзүүдө


Ирандын «Зере» кемеси машыгуу учурунда. Оман кысыгы, 13-январь, 2021-жыл.
Ирандын «Зере» кемеси машыгуу учурунда. Оман кысыгы, 13-январь, 2021-жыл.

Ирандын Куралдуу күчтөрү Оман кысыгында машыгуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 13-январда кабарлашты. Эки күндүк машыгууга Ирандын эң чоң согуштук кемеси катары сыпатталган «Макран» жана ракета атуучу «Зере» кемеси катышууда.

Бул аскердик иш-чара АКШ менен Ирандын ортосундагы тиреш курчуп турган кезде уюштурулуп жатат. 2018-жылы америкалык президент Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып, санкциялар кайрадан киргизиле баштагандан кийин ортодогу мамилелер ого бетер начарлаган. Трамп документке бир катар маанилүү маселелер камтылбай калганын айткан.

Атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн билдирип келаткан Иран жооп иретинде макулдашуунун шарттарын сактабай турганын жарыялап, уранды байытуу өңдүү иштерин жандандырган.

XS
SM
MD
LG