Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Коронавирус дагы 136 адамга жукту, үч бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-январга карата Кыргызстанда дагы 136 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 723 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 563ү сакайды. Соңку бир күндө 205 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1378 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 83;
  • Чүй облусунда - 34;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Нарын облусунда - 5;
  • Ош облусунда - 2;
  • Баткен облусунда - 2;
  • Талас облусунда - 1 киши.
  • Ысык-Көл облусунда жана Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 806 бейтаптын 41инин абалы өтө оор, 238и оор, 515и орто оор абалда жатат, 12 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 14-январда 92 миллион 313 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 977 миңден көп. (SE)

XS
SM
MD
LG