Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

ДССУнун эксперттери Уханга келишти


Уханга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери. СGTN каналы көрсөткөн репортаждан алынган сүрөт.
Уханга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери. СGTN каналы көрсөткөн репортаждан алынган сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери коронавирустун кайдан чыкканын иликтеш үчүн Кытайга келишти. Жергиликтүү маалымат каражаттары он адистен турган топ Уханга 14-январда келгенин кабарлашты. Алар шаарда бир ай болуп, иликтөө иштерин жүргүзөт деп күтүлүүдө.

АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган адистер карантин шартында иштеп, Кытайдагы кесиптештери менен видеоконференция аркылуу алгачкы жыйындарды өткөрүшөт.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсустун айтымында, илимпоздор коронавирус адамга кантип жукканын иликтешет.

Коронавирус алгач 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.

Вирус кандай жагдайда пайда болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Айрымдарына караганда, вирус жарганттар аркылуу Ухандагы базарга жетип, ал жактан башка жаныбар аркылуу адамга жуккан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG