Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Италияда мафияга байланышкан ири сот жараяны башталды


«Ндрангета» аттуу мафиялык топтун ишин караган прокурор Николла Гратери. 13-январь, 2020-жыл. Италия.
«Ндрангета» аттуу мафиялык топтун ишин караган прокурор Николла Гратери. 13-январь, 2020-жыл. Италия.

«Ндрангета» деп аталган мафиялык топтун үстүнөн башталган сот жараяны соңку 30 жылдагы эң ири процесс болуп калганы турат. Ага ылайык, 355 адамдын үстүнөн козголгон сот ишине 900дөн көп күбө, 400 адвокат тартылды. Эң негизги фигурант - кландардын биринин башчысы, «Аке» деген ысым менен таанымал 66 жаштагы Луижи Манкузо.

Соттолуучуларга баңгизатты мыйзамсыз соодалоо, киши өлтүрүү, уурулук, каржылык махинация, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу ондогон айыптар коюлуп жатат. Мафияга каршы күрөш боюнча парламенттик комиссиянын башчысы Никола Морранын айтымында «Ндрангетанын» таасири глобалдуу болгон.

«"Ндрангета" - бир эле Италияда эмес, Европадагы, дегеле дүйнө жүзүндөгү эң ири мафиялык бирикмелердин бири. Ал 30дан ашуун мамлекетке жайылган. Бир эле мисалы, Австралиядагы Аделаида шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын «Ндрангетага» байланышы бар адамдардын добушу аныктап койгон», - деди ал.

Кылмыштуу кландарга коррупцияга баткан саясатчылар, юристтер, полиция кызматкерлери жардам берип турушкан. Алардын бардыгы Италияда, Швейцарияда, Германияда жана Болгарияда жүргүзүлгөн ири масштабдуу операциянын алкагында кармалган.

Соттук жараян Ламеция Терме шаарында өтөт, айыпталуучулардын бардыгы түрмөдөн онлайн катышат.

XS
SM
MD
LG