Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:59

Алайкууга бир метрдей кар жаады


Алайкуу өрөөнүндөгү карды тазалоо. Сүрөт 2020-жылы тартылган. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.
Алайкуу өрөөнүндөгү карды тазалоо. Сүрөт 2020-жылы тартылган. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.

14-январга караган түнү Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир күн мурдагы маалыматка таянып, кардын калыңдыгы 70 см экенин билдирди. Жергиликтүү тургундар Ой-Тал айыл өкмөтүндө кар бир метрге, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметрге жеткенин кабарлашты.

Расмий маалыматка ылайык, түндө шамалдан улам Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кар күрткүсү пайда болгон. Жол жабылып, тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан алты техника тартылган.

Кар көчкү түшүүчү кооптуу аймактар - Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экени эскертилди.

Кара-Кулжа районунун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын тобокелдиги эскертилүүдө.

Алайкуу өрөөнү Оштун Кара-Кулжа районуна карайт. Алыскы тоолуу бул аймакта кыш катаал болот.

XS
SM
MD
LG