Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

Ош милициясы Өзгөндөгү соода түйүндөрүн кылмыштуу топтор басып алды деген маалыматты төгүндөдү


Өзгөн шаары.

Өзгөн шаарындагы базарда «соода түйүндөрүн «каралар» басып алууга аракет кылып жатат» деген тасманы Ош облустук милициясы төгүндөп, окуя иликтенип жатканын жана кылмыштуу топтордун аралашуусу такталбаганын «Азаттыкка» билдирди.

МаалыматӨзгөн райондук ички иштер башкармалыгына 14-январь күнү келип түшкөн. Тергөө тобу барган учурда эки ишкер өз ара кайым айтышканы маалым болгон. Бул факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен тергелүүдө.

«Эч кандай башка маселе болгон эмес. Бул жеке ишкерлердин гана орун талашуусунан чыккан кайым айтышуусу болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө башка маалыматтар да такталып, тиешелүү чаралар көрүлөт», - деди Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Заирбек Төрөгелдиев.

Өзгөн базары — Ош-Бишкек автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан Ош облусундагы ири базарлардын бири. Анда көбүнчө Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун тургундары соода кылат. (DU)

XS
SM
MD
LG