Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Индонезияда жер титирөөдөн 30дан ашык адам набыт болду


Индонезиядагы зилзаладан кийинки көрүнүш.
Индонезиядагы зилзаладан кийинки көрүнүш.

Индонезиянын Сулавести аралындагы жер титирөөдөн 34 киши каза болуп, 50дөн ашуун адам жабыркады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү 6,2 баллга чейин жеткен. Таңга маал болгон бул окуядан улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, зилзаладан улам жер көчүп, 60дан ашык үйдү, эки мейманкананы, провинциянын губернаторунун кеңсесин басып калган.

Жергиликтүү метеорологиялык агенттик жер кайра силкиниши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Эгер жер титирөөнүн жаңы очогу денизде болсо цунамаи болуу коркунучу бар.

Индонезия Тынч океан бассейниндеги сеймискалык активдүү зонада жайгашкан. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн 90% дал ушул аймакка туура келет.

XS
SM
MD
LG