Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Казакстандын Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматулин кайра шайланды


Нурлан Нигматулин.
Нурлан Нигматулин.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы Мажилистин жаңы чакырылышы ишин баштады. Жетинчи чакырылыштагы парламенттин алгачкы сессиясында президент Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Анда президент өлкөдө парламентке өтүү босогосун жети пайыздан беш пайызга төмөндөтүү, сот системасын реформасын аягына чыгаруу сыяктуу билдирүүлөрдү жасады.

Жыйындын жүрүшүндө Мажилистин спикерлигине Нурлан Нигматулин кайрадан шайланды. Буга чейин анын талапкерлигин Казакстандын мурдагы президенти, «Нур-Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев көрсөткөн болчу.

Парламент жыйынынын жүрүшүн журналисттер башка бөлмөдө отуруп, түз алып көрсөткөн видеодон көрүштү. Президенттин күзөт кызматы «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына жыйындын жүрүшүн камерага тартууга уруксат берген жок.

Бул күнү оппозициячыл активист Жанболот Мамай Алматыдагы Республика аянтында акцияга чыгып, «мыйзамсыз парламентти» таратууну талап кылды.

Казакстанда парламенттик шайлоо 10-январда өткөн. Анын жыйынтыгында президенттик «Нур-Отан» партиясы 76 мандат, бийликке жакын «Ак жол» партиясы 12 мандат алып, Казакстандын Элдик партиясы 10 мандатка ээ болду. Мажилистеги 107 орундун тогузу Нурсултан Назарбаев башкарган Казакстан эл ассамблеясынын мүчөлөрүнөн көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG