Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Байден «Американы сактоо планы» үчүн 1,9 триллион доллар бөлүүнү сунуш кылды


Жо Байден.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. 20-январда ант берип кызматка киришкени жаткан Байдендин планына ылайык, экономиканы сактоого дээрлик эки триллион долларга жакын акча жумшалат. Анын алкагында коронавируска каршы эмдөө, тест жүргүзүү өңдүү чараларга 400 миллиард доллар берилет. Ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүп, жардамга муктаждарга 1400 доллардан берилет. Жумушунан айрылган адамдар ушул жылдын сентябрь айына чейин ай сайын 400 доллардан федералдык жөлөк пул алышат.

Жо Байден бейшембиде Делавэр штатында сүйлөп жатып, Кошмо Штаттар пандемия шартында чукул жардамга муктаж экенин айтты. Эгер анын планы ишке аша турган болсо, бул чыгым эселеп кайтарыларын билдирди.

«Бул инвестиция жумуш орду түрүндө кайтып келет. Узакка созулчу экономикалык кесепеттин алдын алат. Мындай кыйчалыш шартта кол куушуруп отура албайбыз», - деди Байден.

Эми бул планды Конгресс бекитиши керек. Конгресстеги демократтардын башчылары Нэнси Пелоси менен Чак Шумер бул планды кубаттап чыкты.

АКШда коронавирус болгон адамдардын саны 23,4 миллиондон ашып, бул оорудан 390 миңдей бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG