Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Дүйнөдө коронавирустун кесепетинен каза болгондор 2 миллионго чамалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондор 2 миллион адамга чамалап калган учурда вируска каршы эмдөөнүн мааниси артып баратат. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 14-январга карата дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 1 миллион 996 миң адамдан ашты.

Учурда Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынан соң вирус жугузгандар көбөйүп жатат. Германиянын саламаттык сактоо агенттиги 15-январда өлкөдө дагы 22 миңден ашык адам вирус жугузганы аныкталып, жалпысынан мындай бейтаптар саны эки миллиондон ашканын билдирди. Ошондой эле бул өлкөдө бир күндө 1113 адам каза болгону белгилүү болду.

Ушу тапта Мексикада да коронавирустан улам каза болгондор күнүнө 1000ге чукулдап жатат.

Илдетке каршы калкты эмдөө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө башталган. Европада Дания 5,8 миллион калктын 2% эмдөөдөн өткөрүп, алдыга чыкты. Ал эми АКШда болсо 11 миллионго жакын адам коронавируска каршы вакцина сайдырды.

XS
SM
MD
LG