Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Оштогу жана Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерге 36 "Тез жардам" автоунаасы берилди


Ош, Жалал-Абад аймактарына берилген медициналык "Тез жардам" автоунаалары.
Ош, Жалал-Абад аймактарына берилген медициналык "Тез жардам" автоунаалары.

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы медициналык мекемелерге "Ислам өнүктүрүү банкынын" көмөгү менен алынган "Тез жардам" автоунаалары тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 16-17-январда министр Алымкадыр Бейшеналиев аймакка иш сапар менен барды. Ош облусундагы ооруканаларга 26, Жалал-Абад облусундагы ооруканаларга 10 автоунаа бөлүштүрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, "Ислам өнүктүрүү банкы" жардам иретинде Кыргызстанга 66 "Тез жардам" машинесин сатып берет. Мурдараак Ысык-Көл облусуна 9 автоунаа берилген. (TB)

XS
SM
MD
LG