Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

«Samsung Electronics» концернинин вице-президенти 2,5 жылга кесилди


Ли Чжэ Ен.
Ли Чжэ Ен.

Түштүк Кореяда «Samsung Electronics» концеринин вице-президенти Ли Чжэ Ен 2,5 жылга эркинен ажыратылды.

52 жаштагы Ен коррупцияга байланыштуу айыпталган. Дүйнөдөгү ири компаниялардын жетекчилеринин бири 2017-жылы мурдагы президент Пак Кын Хеге пара берүүгө байланыштуу беш жылга кесилген болчу. Ли Чжэ Ен өзүнө коюлган айып менен макул болбой, апелляциялык арыз берген соң 2018-жылы түрмөдөн бошотулган. Бирок Кореянын Жогорку соту ишти кайра тергөөгө жөнөтүп, Сеулдун сотту 18-январда чечим чыгарды.

Эми ишкер Жогорку сотко даттанууга укугу бар. Ли Чжэ Ен акыркы бир нече жылдан бери «Samsung Electronics» концернин жетектеп келген. Ал ири компаниянын президенти Ли Гон Хинин уулу. Ли Гон Хи былтыр октябрда каза болгон соң, Кореянын ички дүң өнүмүнүн 20% түзгөн концернди иш жүзүндө башкарып калган.

XS
SM
MD
LG