Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Кара деңизге чөккөн кемедеги алты адам дайынсыз болуп жатат


Кара деңизде чөгүп кеткен украиналык кемедеги эки адам каза болуп, кеминде алтоонун дайыны чыга элек. Деңиздин Түркиянын аймагындагы бөлүгүндө чөккөн кеме боюнча Украинанын өкмөт өкүлдөрү билдирүү таратышты. Ага ылайык, беш киши куткарылып, эки адамдын сөөгү табылган. «Арвин» аттуу жүк ташуучу кеме Грузиядан Болгарияга жол тарткан. Кийинки күндөрү Кара деңиз аймагында катуу шамал болуп, карга айланган жамгыр жаап жатат.

Чөгүп кеткен кемеде канча адам болгону жөнүндө кабарлар эки ача чыгууда. Орусиялык «Интерфакс» агенттиги кеменин бортунда 12 адам болгонун жазса, түрк бийлиги 13 адам болгонун билдиришүүдө.

Ал эми Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко куткарылгандардын бирөө чет өлкөлүк экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG