Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Коронавирус жок деген Түркмөнстанда ага каршы вакцина катталганы белгилүү болду


Түркмөнстандагы аялдар.
Түркмөнстандагы аялдар.

Бийлик коронавирус бар экенин четке кагып келген Түркмөнстан Орусия өндүргөн «Sputnik V» вакцинасын каттады. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыккан Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады. Анда Түркмөнстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн алгачкы болуп вакцинаны каттоого алганы айтылат.

Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып өз жарандарына бир нече чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG