Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

АКШда Капитолийдин жанындагы ант берүү аземине даярдык үзгүлтүккө учурады


АКШнын баш калаасы Вашингтондо өлкөнүн шайланган президенти Жо Байдендин ант берүү аземине даярдык көрүп жаткандар эвакуацияланды. Буга Капитолийге жакын жерде өрт чыкканы себеп болгон. Анын айынан Капитолий убактылуу жабылып, репетиция токтотулду. Өрт Капитолийге жакын үй-жайы жоктор баш калкалаган көпүрөнүн алдынан чыккан. Анын себеби белгисиз. Социалдык тармактардагы кабарларга караганда окуя болгон жерге дароо полиция барып, тик учактар көтөрүлгөн.

АКШнын баш калаасында ушул күндөрү Жо Байдендин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жуманын башында коомдук коопсуздукка көзөмөл кылууга полицияга Улуттук гвардиянын 20 миң аскери көмөктөшөрү айтылган.

Вашингтондо 6-январда мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алгандай окуялар кайталанбашы үчүн бийлик коопсуздукка көңүл бурууда.

АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр Палатасынын 6-январдагы орток отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын президенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча бүтүмү жарыяланып жаткан. Ошол учурда Трамптын бир нече миң жактоочусунун тынч нааразылык жыйын зомбулукка айланып, айрымдары Капитолийдин ичине кирип келишкен. Натыйжада отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Анын жыйынтыгында беш киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG