Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Соңку бир суткада дагы 90 адамдан коронавирус табылды, үч бейтап көз жумду


Германияда шприц формасында даярдалган таттуу токочтор. Сыртына "2021 - кош бол, корона" деп жазылган.
Германияда шприц формасында даярдалган таттуу токочтор. Сыртына "2021 - кош бол, корона" деп жазылган.

19-январга карата Кыргызстанда дагы 90 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки, Ошто бир бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 268 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 249и сакайды. Соңку бир күндө 145 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1390 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Чүй облусунда– 37;
  • Ысык-Көл облусунда - 23;
  • Бишкек шаарында – 21;
  • Жалал-Абад облусунда - 3;
  • Баткен облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 2;
  • Ош облусунда - 1 киши.
  • Талас облусунда жана Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 742 бейтаптын 37синин абалы өтө оор, 220сы оор, 477си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 19-январда 95 миллион 555 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 39 миңден көп, ал эми сакайгандар 52 миллион 635 миңге чамалуу. (SE)

XS
SM
MD
LG