Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

«Мен мугалим болгум келет» аттуу эссе сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Жеңүүчү Чолпонай Абдалбек кызы (уюштуруучу Дүйшөн Шаматов менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ортосунда турат).

Кыргызстандагы мектептердин 9-10-11-класстарынын окуучуларынын ортосунда “Мен мугалим болгум келет” деп аталган эссе сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Анда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы М.Базаркулов атындагы орто мектептин окуучусу Чолпонай Абдалбек кызы 1-орунду алып, нетбук менен сыйланды.

2-орунду Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №26 мектептин окуучусу Айганыш Фрунзебек кызы ээлеп, планшет утту. 3-орунга Ак-Талаа районундагы Атамбеков орто мектебинин окуучусу татыктуу деп табылып, уюк телефон жана китептер менен сыйланды.

Сынакка 1400гө жакын эссе келген. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 18-январда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык коллежинде өттү.

Эссе сынагы тууралуу демилге педагог, Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Дүйшөн Шаматовго таандык. Сынак 2020-жылдын ноябрында жарыяланган.

XS
SM
MD
LG