Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Тихановская ЕККУга кайрылып, Беларуска кайтууга көмөктөшүүгө чакырды


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Литвада баш калкалап жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) кайрылып, бозгунда жүргөн беларус саясатчыларынын мекенине кайтышына көмөктөшүүгө чакырды. Ал 18-январда бул тууралуу Европа Биримдигинин ЕККУдагы элчилери менен онлайн-жолугушуу учурунда билдирген.

«Эл аралык коомчулук менен бирге Беларуска коопсуз түрдө кайтып баруунун мүмкүнчүлүгүн табууну каалайбыз. Мага карата эки кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ошондуктан менин Беларуска кайтышым үчүн өзгөчө кепилдик керек», - деди Тихановская.

Ал Орусияга кайткан соң камакка алынган Алексей Навальныйдын окуясын эске салып, бул маселеде «эл аралык коомчулуктун, айрыкча ЕККУнун жардамы абдан маанилүү экенин» белгиледи.

Беларуста былтыр август айында өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозиция жана Батыштагы бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Андан бери Тихановская оппозициячыл ишмердигин четте жүргүзүп, бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG