Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Евробиримдикте коронавирустан улам 400 миң адам каза болду


Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери.
Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери.

Европа Биримдигинин аймагында коронавирустан каза болгондор 400 миңден ашты. Буга байланыштуу шаркеттеги өлкөлөр вируска каршы эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатышат.

Европа Биримдигинин саламаттык сактоо маселелери боюнча комиссары Стелла Кириакидес Европарламентте сүйлөп жатып, «акыркы он ай абдан оор болгонун, бирок жаңы жылга колго курал кармап кирип бара жатканын» билдирди.

Еврошаркет быйылкы жылдын ортосунда биримдиктин аймагындагы 446 миллион калктын 70% эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Учурда биримдиктин ичинде «Pfizer-BioNTech» жана «Модерна» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берилген.

Жон Хопкин университетинин маалыматы боюнча, Европада 24 миллион адам вирус жугузганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG