Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

АКШда да, Евробиримдикте да коронавирустан көз жумгандар 400 миңден ашты


АКШ менен Евробиримдиктин туулары.
АКШ менен Евробиримдиктин туулары.

Кошмо Штаттарда да, Европа Биримдигинде да COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 400 миң адамдан ашты. Атлантиканын эки тарабында тең вирусту ооздуктоо максатында эмдөө иши күч алууда.

АКШда өткөн айда 100 миң киши коронавирустан каза болду, ооруканалар бейтаптарга толуп калып, медкызматкерлерге чоң күч келүүдө.

Инаугурациясынын алдында Жо Байден Вашингтондо жалпы элдик эскерүү жөрөлгөсүнө катышып, пандемиянын курмандыктары унутулбай турганын айтты.

20-январда Европа комиссиясы шаркеттин 446 миллион калкынын 70% жыл ортосуна чейин эмделери болжолдонгон документти жарыялады. Бул документ 21-январда блоктун онлайн жыйынында талкууланмакчы. Биримдик вакцина жетишсиз болуп жатат деген сынга кабылууда. Анын үстүнө жаңы штамм алда канча жугуштуу деген кооптонуу пайда болду.

Вирустун кышкы толкуну басаңдай элек деген ишарат катары Германия карантинди эмки айдын ортосуна чейин узартууну чечти. Ага кошумча эми коомдук транспортто жана дүкөндөрдө жарандар атайын медициналык беткаптарды гана тагынып жүрүүгө милдеттүү. Мүмкүн болгон жерлерде ишканалар 15-мартка чейин кызматкерлерине үйлөрүнөн иштөөгө уруксат берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG