22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир жерлерде бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан шамал согуп турат.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1...+4, күндүз -4...+1,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз -4...+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -8...-13° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгили-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...+1, күндүз -1...+1° болот.