Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

HRW уюму Казакстандагы укук коргоо уюмдарына жасалган басымды сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык уюму Казакстандагы укук коргоо уюмдарына карата «репрессиялык чаралар уланып жатканын» сынга алды. Өткөн жумадан бери эки өкмөттүк эмес уюм салык отчётторун убагында берген эмес деген негизде айыпка жыгылган эле.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 20-январда тараткан билдирүүсүндө казак бийлиги активисттерди жана укук коргоо уюмдарын чектеген мыйзамдарды жана кадамдарды колдонуп келгени айтылат.

«Бирок Казакстанда эркин чогулууга карата акыркы чабуулда бир нече топ бутага алынганы жана бийликтин мыйзамсыз аракеттери акылга сыйгас нерсе», деп айтылат билдирүүдө.

10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жүрүшүндө мыйзам бузууга каршы нааразылык акциялары өткөн. Өлкөдөгү Нур-Султан, Алматы сыяктуу шаарларда ондогон адамдар кармалып, кийин коё берилген эле.

XS
SM
MD
LG